Мэрия нын басма сөз кызматынан билдиришкендей, Бишкек шаары боюнча метеорологиялык болжолдоонун жана абанын температурасын, жакынкы күндөрдө анын өзгөрүү динамикасын эске алуу менен, штаб борбор калаада жылытуу мезгилин 2024-жылдын 22-октябрынан тарта баштоо чечимин кабыл алды.
Тиешелүү буйрукка калаа башчысы Айбек Жунушалиев кол койду.
Жылуулук берүү бир нече күнгө созулат:
- биринчи кезекте – оорукана, бала бакча, мектеп, төрөт үйлөрү жана социалдык коргоо мекемелери;
- экинчи кезекте - турак жайлар, өнөр жай ишканалары жана мекемелерге берилет.