Печать
Категория: Коом
Просмотров: 290

Бишкекте бүгүн “Мамлекеттик ипотекалык компания” ачык акционердик коому тарабынан “Ынтымак” турак жай комплексинин курулушу башталды.

Жалпы аянты 18 гектар жерге 18 кабаттуу үйлөрдү куруу пландаштырылууда.

“Мезгил кутусун” салуу иш-чарасында президент Садыр Жапаров жаңы турак жай комплексиндеги батирлер кимдерге берилерин белгиледи:
- Батирлердин жарымы кезекте турган социалдык багыттагы кызматкерлерге жеңилдетилген шартта берилет;
- Батирлердин жарымын курулушка 50% үлүш кошуу шарты менен мигранттар жана башка жарандар алат.

Мамлекет башчысы 50 пайыз өлчөмүндө алдын ала төлөөдөн түшкөн каражаттарга кезекте турган кийинки жарандар үчүн үй салууга жумшаларын белгиледи.