Чаткал районундагы Ак-Сай тоосунда дайынсыз жоголгон 6 жарандын биринин сөөгү табылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, жансыз дене кар көчкү түшкөн аймактан табылды.
Куткаруучулардын издөө иштеринин натыйжасында бүгүн, 18-октябрда саат 12:45те көчкү түшкөн аймактан 1978-жылы туулган К.К. аттуу жарандын сөөгү табылды. Сөөк тик учак менен штабка (Кумбел тилкеси) алынып келди.
Калган жарандарды издөө иштери уланууда.
Белгилесек, 9-октябрда Каныш-Кыя айылынын 13 тургун менен кытайлык 1 жаран эндик өсүмдүгүнүн тамырын издөөгө тоого кеткенден кийин дайынсыз болушкан. 16-октябрда издөө иштеринин натыйжасында 8 жаран аман-эсен табылган.