Печать
Категория: Коом
Просмотров: 252

Бишкекте мектеп окуучулары мушташып кетишкен. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 17-октябрь күнү болжол менен саат 16:04 чамасында Бишкек шаарынын Жаш-Гвардия булвары менен Чүй проспектисинин кесилишинде мектеп окуучулары топтошуп мушташып жатат деген маалымат келип түшкөн.

Бул факт Бишкек шаарынын Ленин РИИБдин каттоого алынып, милиция бөлүмүнө 6 жашы жете элек өспүрүмдөр жеткирилген. Мындан тышкары, дагы башка катышуучулар аныкталууда.

Азыркы учурда алардын ата-энелери да чакырылды. Алардын ар бири менен жана ата-энелери, мыйзамдуу өкүлдөрү менен профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт.