Социалдык тармактарда 15-октябрда түштөн кийин Бишкектеги мектептердин биринде бала уурдалып кеткен деген маалымат тараган. Андагы маалыматка караганда, окуя 11-кичи райондогу мектеп-гимназияда болгону, андан башка жагдайлары айтылган эмес.
Жогорудагы маалымат милиция тарабынан текшерилип, чындыкка дал келбей тургандыгы такталды.
Ички иштер министрлиги билдирүү таратып, ата-энелерди дүрбөлөңгө түшпөөгө жана мындай билдирүүлөргө ишенбөөгө чакырат.