Печать
Категория: Коом
Просмотров: 194

Быйыл дыйкандарга буудай, кант кызылчасы жана май өсүмдүктөрүнүн аянтын көбөйтүп, картошка менен пахтанын эгилген аянттарын азайтуу сунушталууда. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев 15-февралда маалымат жыйында билдирди.

Анын сөзүнө караганда, өкмөт дыйкандарды мээнетти жана каржыны көп талап кылып, бирок пайдасы аз эгиндерди айдоодон кетүүгө үндөөдө.

"Сапаттуу, түшүмү жана кирешеси көп эгиндерди, алсак, кант кызылчасын, малина жана башка эгиндерди айдагыла деп атабыз. Ошто пахтанын, Ысык-Көлдө картошканын, Таласта төө буурчактын аянтын азайтып, кант кызылчасын айдагыла деп сунуштадык",-деди ал.