Печать
Категория: Коом
Просмотров: 341

Ишемби күнү бийик тоолуу райондордо кар, өрөөндөрдө жамгыр жаайт.

Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүйдө +12...+17, Талас аймагында +11...+16, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +18...+23, Ысык-Көл жана Нарын өрөөндөрүндө +12...+17 градус жылуу болот.

Күндүн табы борбор калаада +14…+16, Ош шаарында +21...+23 градуска көтөрүлөт.