Печать
Категория: Коом
Просмотров: 305

Акбөкөн Таштанбеков ага инисинин сөөгүн моргдон таппай калган Жалал-Абаддын тургуну учурда Кант шаарында жашаган аял кайрылганын билдирди.

Анын айтымында, сөөк союлуп, бирок бир суткадан кийин дайынсыз жоголуп кеткен. Бирок эл өкүлү кеп кайсы өлүккана жөнүндө болуп жатканын тактаган жок. 

“Алымкадыр Савирдинович, сизге кайрылып жатканымдын себеби, 2003-жылы ушундай эле маселе болуп, анда 5-6 сөөк сатылып кеткен экен. Бул жөнүндө уктуңузбу?” — деди Таштанбеков.
 
Саламаттык сактоо министри мындан кабары жоктугун айтып, бүгүн эле соттук-медициналык экспертизадан билип, депутатка түштөн кийин маалымат берерин убадалы. 

“Төмөнкү Серафимовкага көмүлүшү мүмкүн. Бүгүн экспертизага барам, жок дегенде мүрзөсүн көрсөтүп берсин. Эми болор иш болду. Эгер көмүлгөн болсо, эстелик тургузуп бергенге жардам берем, куран окуп коелу”, — деп кошумчалады эл өкүлү. 

Булак: Спутник