Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргызстандын Конституциясынын 70-беренесинин 4-бөлүгүнүн 5-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Кыргызстандын конституциялык Мыйзамынын 20-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык жана Судьялар кеңешинин сунушу боюнча Базарбеков Замирбек Курамаевич Жогорку соттун төрагасы кызматынан өз каалоосу боюнча мөөнөтүнөн мурда бошотулду.