Көп кыздар жигиттер менен мамиле түзүүдө алардын анча –мынча кемчилигине көз жумуп коюшат дагы, кийин тарбиялап алам дегендей ой жорушат. Бирок бул болбойт – адам 18 жашка чейин гана тарбияланат, балачагында сиңген сапатты кийин эч ким эч качан оңдой албайт. Ошондуктан, төмөнкү сапаттарга ээ эркектерге убакыт коротпоңуз:
1. Каардуу. Эркек дайыма сиздин кемчилигиңизди айтып, башкалар менен салыштырып, сизди кемсинтип турат. Андан да оор варианттары болот, ал – “Кайда жүрдүң?”, “Курбуларың менен жолукпа”, “Мен телефон чалганда дароо ал” ж.б. сөздөрдү айтып сизди өзүнүн эрежеси менен жашоого мажбурлайт. Башында бул эркектин сизге болгон сүйүү, кызганыч, камкордугундай сезилгени менен убакыт өткөн сайын муунта баштайт. Ошондуктан башынан эле эрежесин оңдоңуз же такыр эле жакындашпаңыз.
2. Сараң. Карап көрсөң эркек ачка калган жери жок же бомж эмес. Жакшынакай үйү, айдаган автоунаасы, иштеген иши, капчыгында акчасы бар. Бирок сиз менен бөлүшкүсү келбейт. Ресторанга чакырбайт, гүл белек кылбайт, ал турмак сизге кандайдыр бир нерсе керек болуп калса, дүкөнгө кирип сатып чыгууга аракеттенбейт. Андан көрө сизди жумшап койгонду өйдө көрөт, анткени акча сизден кетиши керек. Мындай эркектер аялдар чыгым болушун каалайт жана бул тууралуу дайыма каңкуулап турат. Анан дагы дайыма акчасы жетпей жатканын, колунда жогун, байкуш экенин баса белгилеп айтып, сизден жардам күткөнсүп турат.
3. Калпычы. Калпычылар дайыма кууланып анан бирдеме жашырып турат. Алар убадасын эзели аткарышпайт, ошондуктан ишенбей эле коюңуз. Эң жаманы – бул “айыккыс дарт”, такыр “дарылоо” мүмкүн эмес.
4. Өзүмчүл. Өзүмчүл өзүн гана ойлойт, башкалардын сезими ага баары бир. Сизди сүйөм деп айтып, бирок төшөктө өзүнүн кумарын гана ойлосо, анда сиз өзүмчүлгө туш келиптирсиз жана аны менен никеде бактылуу болом деп кыялданбай эле коюңуз. Ошондой эле мындай эркектер аз телефон чалат, аз байланышат, качан өзүнө керек болгондо, өзүнө ыңгайлуу учурда гана жолугушууга чакырат. А сиздин убактыңыз, мүмкүнчүлүгүңүз башын да оорутпайт.