Печать
Категория: Коом
Просмотров: 263

Бишкекте Журналисттер биримдигинин курултайы өтүүдө.

Улуттук тарых музейинде өтүп жаткан Журналисттер биримдигинин курултайына бардык региондордон келген өкүлдөр катышууда.

Кыргызстандын Журналисттер биримдигинин төрагасы Абдыкадыр Султанбаевдин айтымында, иш-чарада өзүнүн отчеттук баяндамасын жасайт. Андан соң биримдиктин жаңы жетекчилиги шайланып, кеңештин курамы бекитилет.

Ошондой эле Журналисттер биримдигинин X курултайынын революциясы кабыл алынмакчы.

"Курултайда аткарылган иштер жана алдыдагы милдеттер талкууланат. Биздин союз журналисттердин таламын талашып, окуу семинар, конференцияларды өткөрүп бир топ иштерди жүргүздү. Отчеттук мезгилде ар кандай сын-пикирлердин айтылышы мыйзам ченемдүү көрүнүш. Мен Кыргызстандын Журналисттер биримдигин 33 жылдан бери жетектеп келе жатам. Ушул съездде биримдиктин жаңы жетекчиси шайланат", - деди ал.

Мындан тышкары Абдыкадыр Султанбаев белгиленгендей, жыйында жалпыга маалымдоо каражаттарынын көйгөйлүү маселелерине арналган талкуу, пикир алышуу болот.

Булак: Кабар