Печать
Категория: Коом
Просмотров: 1076

- Өмүке, мына сиз бир топ убакыттан бери дүйнө кезип, дүйнөдө теңдеши жок эпосубузду экранга түшүрүү түйшүгүн тартып жүрөсүз. "Манас" фильми боюнча кандай жаңылык бар?

- Туура белгилеп өттүңүз, мен бир жарым жылдан бери Голливуд, Европа, Түркия, Кытай киночулары менен “Манасты” экрандаштыруу маселеси боюнча сүйлөшүп келе жатам. Бул багытта ортобузда чоң талкуу жүрдү, анткени, сценарийди ийине жеткирүү керек да.  Буюрса, орток пикирге келдик, мен ойлогондон да мыкты сценарий жаралды. Эми, келишим боюнча, Америкадагы  президенттик шайлоодон кийин иш башталмакчы. Анткени, негизги каржылоонү АКШ каржы корпорациясы чечмекчи.

Азыр эл аралык кино  талаптарына ылайык "Манастын уулу Семетей" фильмибизди оңдоп, атайын эффекттерди киргизип, айрым кошумча сценаларды тартып, бир канча өлкөлөрдүн теле жана интернет каналдары менен кызуу иштешип атабыз.

Андан тышкары Европа каналдарынын тапшырмасы менен даректүү тасмаларды даярдоодобуз.

Түркиянын бийликтик "Ак" (медиа мүдүрү Хамза Даг, Түрк мамлекеттеринин парламентинин биринчи төрагасы Нури Услу) жана "Зафер" партиялары менен (партия лидери Үмит Өздах, идеологу Генжекан Тунай) кызматташуудабыз.