КР Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМКнын төрагасы, генерал-полковник Камчыбек Ташиев Казакстанда болуп өткөн 5-Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышып, ийгиликтүү жыйынтык менен келген УКМКнын жоокери Р.Сапаровду кабыл алды.
Р.Сапаров Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында өзүнүн шамдагай жана күчтүүлүгүн көрсөтүп алыш күрөшү боюнча 1-орунду ээлеп, эл аралык деңгээлде Кыргыз Республикасынын туусун желбиреткен.
Мындан улам, генерал-полковник К.Ташиев жаш жоокерди жетишкен ийгилиги менен куттуктап, ага ден соолук, иштерине ийгилик каалады. Ошондой эле, ата-мекендин коопсуздугун коргоодо ар бир жоокер өз милдеттерине так болуп, берилгендик менен кызмат кылуусу керектиги белгиленди.
Аны менен катар УКМК төрагасы К.Ташиев грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасындагы дүйнө чемпиону Асан Жанышовду да кабыл алды.
Буга чейин Асан Жанышов Испанияда өткөн грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасындагы Дүйнө чемпионатында 87 килограммга чейинки салмак категориясында алтын медаль утуп, анда Грузия, Швеция жана Румыниядан келген спортчуларды үч жолу жеңип, финалда азербайжандык балбандан күчтүү экени аныкталган.
Мамкомитеттин башчысы жаш чемпионду спорттогу мындай жогорку жетишкендиги менен куттуктап, ага чың ден соолук жана спорттук карьерасында ийгиликтерди каалады.
Жолугушуунун жыйынтыгында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы өзгөчөлөнгөн спортчуларга акчалай сыйлыктарды тапшырып, ийгиликтерди каалады.

