Печать
Категория: Коом
Просмотров: 116

КР УКМК тарабынан өлкө аймагындагы мыйзамсыз менчиктештирилген өнөр жай жана социалдык объекттерди мамлекетке кайтаруу боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Алсак, тиешелүү иштердин натыйжасында "Лейлек-Автобекет" ЖЧКсынын акционерлери  2024-жылдын  17-сентябрында Лейлек районунун Раззаков шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын балансына Дадасян көчөсү, 47Б дарегинде жайгашкан, базар баасы 76 млн 500 миң сомду түзгөн 0,51 га жер тилкеси менен шаардык автобекетти  ыктыярдуу түрдө өткөрүп беришти.

Учурда КР УКМК тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген мамлекеттик объектилерди кайтаруу иштери улантылууда.