Печать
Категория: Коом
Просмотров: 138

Дем алыш күндөрү Кыргызстандын түндүгүндө күн сууктап, үшүк жүрөт.

Кыргызгидромет Талас, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарында температура нөлдөн төмөн болорун белгиледи.

"Мындай үшүк мөмө жана жашылча-жемиштерге, казылып алынган жана жабылбаган картошка, кант кызылчасы үчүн коркунучтуу", — деп айтылат маалыматта.

Ал эми Транспорт жана коммуникациялар министрлиги айдоочуларды унаа дөңгөлөктөрүн жайкыдан кышкыга алмаштырууга чакырды. 

Спутник