Бишкек, "САЯСАТ.KG". Бул тууралуу бүгүн КР УКМКнын басма сөз борбору маалымдады.
Базар-Коргон районунун жашоочуларынан бир нече жолу арыз жана даттануулар келип түшкөндүктөн, УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгү боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгындагы туруктуу акча чогултуу системасына бөгөт коюлду.
Натыйжасында, 2024-жылдын 19-сентябрында аталган башкармалыктын жетектөөчү адиси М.О.З. кармалып, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Аталган кызматкер социалдык жөлөкпулдарды, тактап айтканда, «Үй бүлөгө көмөк» төлөмдөрүн төлөө маселелерин тездетүү жана оң жагына чечүү үчүн Кыргыз Республикасынын аз камсыз болгон жарандарынан пара талап кылган.
Ошол эле учурда М.О.З.нын мыйзамсыз аракеттери сот органдарынын уруксаты менен жашыруун видео камерага тартылган.
Ошондой эле Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын жетекчилигинин аталган фактыларга тиешеси бар экендиги текшерилет.
Учурда аталган фактылар боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.