Печать
Категория: Коом
Просмотров: 406

 

Бүгүн КР Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары, КР УКМК төрагасы генерал-полковник Камчыбек Ташиев улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы төрагалары, ошондой эле генерал наамындагы экс-орун басарлары менен жолугушуу өткөрдү.  Жолугушуунун жүрүшүндө чакырылган коопсуздук органдарынын ардагерлерине УКМК төрагасы тарабынан жаңы үлгүдөгү өздүк күбөлүк тапшырылды. Алардын арасында: Т.С.Айтбаев, Ф.Ш.Кулов, Б.Ч.Жанузаков, Б.Б.Табалдиев, Ш.Э.Атаханов, Т.К.Алмаматов, М.Ж.Ниязов жана башкалар бар.

Камчыбек Ташиев экс-жетекчилерге бүгүнкү күндө өлкөнүн коопсуздугун жана мамлекеттеги туруктуулукту камсыз кылуу боюнча күч органдары тарабынан көрүлүп жаткан чаралар, ошондой эле социалдык-экономикалык туруктуулукту камсыздоо, коомдун, анын ичинде эмгек ардагерлеринин жана укук коргоо органдарынын — пенсионерлердин муктаждыктарын канааттандыруу багытында жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу айтып берди. Андан тышкары, улуттук, регионалдык жана глобалдык коопсуздукту камсыз кылуунун актуалдуу көйгөйлөрү, өлкөнүн ички жана тышкы коопсуздугун камсыз кылуу боюнча улуттук атайын кызматтардын алдында турган милдеттер талкууланды.

КР Президенти Садыр Жапаровдун жетекчилиги алдында мамлекетте болуп жаткан реформалардын жүрүшү жана ишке ашырылышы, дүйнөдөгү глобалдуу өзгөрүүлөргө байланыштуу көйгөйлөрдү жеңүүнүн келечектүү жолдору, ошондой эле мында күч органдарынын гана эмес, бүткүл күч блогунун ардагерлеринин ролу, коомдук-саясий түзүлүштөр менен өз ара аракеттенүүсү боюнча маселе козголду.

Атайын кызматтардын мурдагы жетекчилери акыркы 4 жылда өлкөдө болуп жаткан өзгөрүүлөрдү, республикадагы социалдык-экономикалык бакубаттуулукту жогорулатууну, ошондой эле өлкөнүн жогорку аскердик-саясий жетекчилиги тарабынан улуттук коопсуздукту, укук тартибин, аймактык бүтүндүктү жана конституциялык түзүлүштү коргоону камсыз кылуу боюнча көрүлүп жаткан чараларды жогору баалашты.

Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны жоюу боюнча көрүлүп жаткан чаралар, мында КР УКМКнын азыркы жетекчилигинин ролу баса белгиленди. Ардагерлер Камчыбек Ташиевге президент тарабынан жогорку аскердик генерал-полковник наамы ыйгарылгандыгы менен куттуктап, ар тараптуу колдой тургандыктарын билдиришти.

Ошондой эле, УКМК башчысынын коопсуздукту жана укук тартибин камсыздоо маселелерин чечүүдө, укук коргоо органдарынын ардагерлерине ар тараптуу колдоо көрсөтүүдө жана коомдун бардык каалоолоруна аяр мамиле жасап, аткарган иштерин жогору баалашты.