Печать
Категория: Коом
Просмотров: 431

Кечээ, 8-сентябрь күнү «Манас» эл аралык аэропортунда футбол боюнча Өзбекстан курамасын Кыргыз футбол биримдигинин өкүлдөрү тосуп алышты.

Коңшулаш мамлекеттин курамасы Бишкекке, 2026-жылкы Дүйнө чемпионатынын үчүнчү тандоо раунду алкагында өтө турган Кыргызстан-Өзбекстан беттешине катышуу үчүн келишти. 

Кыргыз футбол биримдигинин Аткаруу комитетинин мүчөсү Бахадыр Кочкаров жетектеген КФБнын делегациясы Өзбекстан курамасынын оюнчуларына жана машыктыруучу штабынын өкүлдөрүнө ак калпак кийгизип, белектерди тапшырып, сыйлуу тосуп алышты. 

Эске салсак, келе жаткан оюн 10-сентябрь күнү саат 20:00до борбор калаанын Д.Өмүрзаков стадионунда өтөт.