Печать
Категория: Коом
Просмотров: 710

10-сентябрда Кыргызстан-Өзбекстан футбол боюнча Улуттук курама командалардын беттеши алдында, бүгүн «Мурас Юнайтед» окуу-машыгуу базасында Кыргызстан курамасынын машыгуусу орун алды. 

Машыгуунун алдында Кыргыз футбол биримдигинин Президенти Камчыбек Ташиев оюнчулар менен жолугуп, алдыдагы беттешке ийгилик каалап өттү. 

«Акыркы Иран менен өткөн беттеш биздин өлкөнүн курамасы Азиянын эң мыкты командалары менен теңтайлаш ойной ала тургандыгын далилдеди. Келе жаткан оюндарда, өзгөчө 10-сентябрда Өзбекстанга каршы боло турган беттешти биз жана кураманын күйөрмандары чоң үмүт менен күтүп турат!» - деп белгиледи өз сөзүндө КФБ жетекчиси.