Печать
Категория: Коом
Просмотров: 682

Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында кыргызстандык спортчу Жоламан Шаршенбеков коло медалга ээ болду. 

Ал грек-рим күрөшү боюнча турнирде 60 кг салмак категориясында күрөштү. Бул турнир 5-августта башталган. 

Коло медаль үчүн Шаршенбеков Ирандан келген балбан Мехди Мохсеннежада менен кармашып, 3:1 эсебинде утуп алды. Ошону менен Жоламан Шаршенбеков Олимпиада оюндары - 2024түн коло медалынын ээси болду.