Кыргызстандын түштүк аймактарындагы сел кооптуулугу бар тилкелер изилденгенин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Министрликтин атайын комиссиясы тарабынан Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында сел кооптуулугу бар тилкелер изилденди.
Анын жыйынтыктары боюнча тиешелүү сунуштарды камтыган корутундулар чыгарылды. Алардын негизинде министрликтин облустук, райондук түзүмдүк бөлүктөрү тарабынан өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу боюнча атайын иш-чараларды аткаруу тапшырмалары тиешелүү кызматтарга берилди.