Министрлер кабинети интернеттеги жана жалпыга маалымдоо каражаттарындагы жалаа жабуу жана мазактоого айып пул салган мыйзам долбоорун сунуштап жатат. Документ Жогорку Кеңештин сайтында 25-июлда коомдук талкууга коюлган.
Анын негиздеме катында соңку учурда жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернетте мазактоо, кемсинтүү учурлары көбөйгөнү белгиленет. Документте “күнөөнү далилдөөнүн татаалдыгынан жана юридикалык ченемдердин көп маанилүүлүгүнөн улам жазасыз калууда” деп жазылган.
Министрлер кабинети Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизип, жеке адамдарга 1000 эсептик көрсөткүч – 100 миң сом, ишканаларга 2000 эсептик көрсөткүч – 200 миң сом айып пул салууну сунуштады.
Кыргыз бийлиги өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин, ар бир жаран өз оюн эркин жана ачык айта аларын белгилеп, жоопкерчилик маселесине көңүл бурууну эскертип келет.