Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарынын жарым финалында Жоламан Шаршенбеков Токио Олимпиадасынын финалисти Кеничиро Фумита менен беттешти. Оюн 4:3 эсебинде япониялык спортчунун пайдасына чечилди.
Эске салсак, Шаршенбеков чейрек финалда казакстандык балбан Айдос Султангалини 6:3 эсебинде жеңген. Андан кийин румыниялык спортчуну 10:0 эсебинде артка калтырган.
Жоламан Шаршенбеков бүгүн, 6-августта коло медаль үчүн күрөшөт. Анын атаандашы кубалык Кевин Юран Де Армас Родригес жана ирандык Мехди Мохсеннежад болмокчу.