Печать
Категория: Коом
Просмотров: 571

Мээрим Жуманазарова Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарынын финалына чыкты.

Кыргызстандык балбан 68 кг салмак категориясында күч сынашып жатат.  1/8 финалдан башталган таймашта Жуманазарова биринчи беттешинде Монголиядан келген спортчу Делгермаа Энхсайханды 8:3 эсебинде утту.

Чейрек финалда ал япониялык Нонока Озаки менен беттешип, биринчи бөлүгүндө кыргыз балбан 6:0 эсебине жеткен. Бирок экинчи бөлүктө эсеп 6:6 болуп калды. Япониялык балбан кыз артыкчылык упай менен алдыга чыкты. Мээрим Жуманазарова беттештин аяктарына 10 секунда калганда атаандашынын аркасына өтүп, 2 упай алды дагы беттештин соңку секунддарында жеңишке жетишти.