2024-жылдын 26-июлунда КР УКМК тарабынан Интерпол эл аралык кылмыш полициясынын Башкы катчылыгынын каттоосу боюнча өзгөчө коркунучтуу кылмышкерлердин реестринде эл аралык издөөдө жүргөн Өзбекстан Республикасынын 1992-жылы туулган С.И.И. аттуу жараны кармалды.
Интерполдун Улуттук Борбордук бюросунун маалыматына ылайык, С.И.И. шериктери менен биргеликте жасалма бажы жүк декларацияларын тариздеген, анын натыйжасында Өзбекстан Республикасынын мамлекеттик бюджетине 12 (он эки) миллиарддан ашуун өзбек сумунда (955 миң АКШ долларына жакын) зыян келтирилген.
Баткен райондук сотунун чечими менен Интерпол аркылуу издөөдө жүргөн Өзбекстан Республикасынын жараны тергөө абагына камалды.
Учурда тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.