Парижде өтүп жаткан Олимпиадада 3-августта АКШдан келген мушкер менен күч сынашууга чыгып, жеңип алган кыргызстандык спортчу Мунарбек Сейитбек уулунун жеке машыктыруучусу Беганас Султанбаев таймашка телевизор аркылуу гана күбө болууга аргасыз болду.
Соцтармактарда Беганас Султанбаевдин спортчусун телевизордон көрүп, колдоп жаткандагы видео тарады.
Жарандык активист Ассоль Молдакматова машыктыруучуну тез арада Олимпиада оюндарына жеткирүүнү сунуштады.
"Мунарбек Сейитбек уулунун машыктыруучусу, КР спорт мастери Беганас Султанбаевдин Олимпиада оюндарына барбай калганы таң калычтуу.
Спортчуга өзүн өнүктүрүп, өстүргөн устатынын колдоосу абдан маанилүү!
Кээ бирде делегацияга маанилүү жана керек адамдар кошулбай калат. Бул маселеге абдан кылдат караш керек болуп калды.
Машыктыруучуну Олимпиада оюндарына жөнөтүүнү шашылыш чечсе болот.
Бул өлкө имиджи жана жыйынтык үчүн керек.
Машыктыруучу үйүндө отуруп алып, спортчуну телевизордон карап, колдоп жатканын көрүү өкүнүчтүү! Мындай болбошу керек!
Машыктыруучу спортчунун жанында туруп, ар кандай колдоо көрсөтүшү кажет!" - деп жазды Молдокматова.