Печать
Категория: Коом
Просмотров: 376

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздаган милиция кызматкерлери алдын алуу багытында натыйжалуу иш жүргүзүүдө.  Андан сырткары,  ылдамдыкты сактабаган айдоочууларга карата “АвтоУраган” стационардык жана көчүп жүрүүчү аппараттык программалык комплекстерин, карама-каршы тилкеге чыгып айдаган айдоочулар үчүн дрон колдонуу менен жол кырсыктарын алдын алууда.

2024-жылдын 6 айында    жалпы жол кырсыктарынын саны  -0.8%га, каза болгондордун саны -6.7%га, жаракат алгандардын саны -4.0% кыскарды. Анын ичинен балдар катышкан жол унаа кырсыктары -7,3%га, каза болгондордун саны -14.3%га, жаракат алган балдардын саны -11.9%га кыскарды жана оор кесепеттерге алып келген жол кырсыктарынын саны -33.3%га төмөндөдү. 

“Коопсуз шаар” долбоору боюнча 2024-жылдын 6 айында жалпы өткөн жылдардагы токтомдор менен бирге 686 миңден ашык токтом боюнча 437 млн 953 миңден ашык  айып пул өндүрүлгөн. 

Ал эми “АвтоУраган” комплекси аркылуу 13 миңден ашык укук бузуулар аныкталган. Мамлекеттик бюджетке “АвтоУраган” комплексинин жардамы менен 12 млн 420 миңден ашык сом түшкөн.