Президент Садыр Жапаров “Ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду.
Бул тууралуу президенттин сайтында жазылды.
Маалыматка ылайык, мыйзамдын максаты өлкөдөгү ишкерлерди жана инвесторлорду коргоону күчөтүүгө багытталган. Кылмыш-жаза кодексине кызмат абалынан пайдаланып, мыйзамдуу ишине тоскоолдук жараткан кызмат адамдарынын жоопкерчилигин кароо киргизилди.
Ишканаларды мыйзамсыз текшерүү боюнча Укук бузуулар жөнүндө кодексте жоопкерчилик күчөтүлдү.
Сотто ишкерлер жана инвесторлорго карата бөгөт коюу чарасында биринчи кезекте электрондук билериктерди, күрөө менен же үй камагын колдонулат.
Мыйзамды Жогорку Кеңеш 27-июнда кабыл алган, эми президент кол койгон 10 күндөн кийин күчүнө кирет.