Печать
Категория: Коом
Просмотров: 200

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы тарабынан айдоочуларды унаа башкаруу учурунда ылдамдыкты ашырбоого, коопсуздук курун тагынып айдоого жана жалпы жол эрежелерин сактоого чакырган электрондук эскертүүлөр “LED” экрандарга жайгаштырылды.

"Бул да болсо жол унаа кырсыктарынын алдын алуунун аракети.

Андыктан урматтуу айдоочулар баарыңыздарды жол эрежелерин так сактоого чакырабыз", - деп айтылат ЖКККББнын басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

Эскерте кетсек, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан туристтик мезгил учурунда жол кырсыктарынын алдын алуу максатында өлкө аймагына 115 баннер жана 66 “LED” экрандар жайгаштырылган.