Печать
Категория: Коом
Просмотров: 511

Баткен ОИИБ боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Ош-Баткен-Раззаков эл аралык маанидеги жолунда дрон менен көзөмөлдөө башталды.

Баткен ОИИБ боюнча ЖКККБнын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, бул атайын тесттик режиминде жол-унаа кырсыктардын алдын алуу жана ошондой эле адам өлүмү менен коштолгон оор кесепеттерди азайтуу максатында иштелип чыккан.

Анын алкагында жол эрежесин одоно бузган айдоочуларга дрон менен байкоо салынып, аларга жол эрежесин сактоо боюнча профилактикалык иштер жүргүзүлүүдө.