Печать
Категория: Коом
Просмотров: 172

Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясы башаламан таштанды таштоочу жайларга орнотулган видеокамераларга түшкөн тартип бузуучуларды ыкчам тапты.

Белгилей кетсек, шаар тургуну Р.А. М.  "Аламедин" базарынын жанындагы белгиленбеген жерге таштандыларды ыргыткан.

Эреже бузуучу тиешелүү жазасын алды. Инспекторлор ага Кыргыз Республикасынын "Укук бузуулар жөнүндө" кодексинин 115-беренесинин 1-бөлүгүнүнө ылайык протокол түзүштү.

Дагы бир шаар тургуну  Т.В. аттуу жаран видео камеранын негизинде белгилүү болду.

Ал Керимов жана Жибек-Жолу көчөлөрүнүн кесилишиндеги белгиленбеген жерге тиричилик таштандыларын таштагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылды.

Ага Кыргыз Республикасынын "Укук бузуулар жөнүндө" кодексинин 115-беренесинин 1-бөлүгү боюнча  протокол түзүлдү.

Ошондой эле үчүнчү мыйзам бузуучуга да айып пул салынган. Шаар тургуну  Е. И. А.  Үсөнбаев көчөсүнөдө белгиленбеген жерге таштанды салынган баштыктарды ыргыткан.

Эреже бузган ар бир жаранга 5 500 сом айып пул салынды.

Эскерте кетсек, Бишкек шаарында белгиленбеген жерге  таштанды таштагандар менен күрөш уланууда.

Шаарга орнотулган видеокамералар менен таштанды таштоодон уялбаган жарандарды аныктоо, аларга чара көрүү иштери жүрүүдө.  

Муниципалдык инспекция мыйзам бузгандарга Кыргыз Республикасынын "Укук бузуулар жөнүндө" кодексинин беренелерине ылайык айып пул жазып берет.

Урматтуу шаар тургундары жана уюмдар! Таштандыларды туш келди ыргытпоого, жоопкерчиликтүү жүрүм-турумга чакырабыз. Таштандыны  контейнердик аянтчаларга таштап, "Тазалык" муниципалдык ишканасынын таштанды жыйноочу машинесине чыгарсаңыздар!