14-июлда Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев шаардын Т.Байзаков көчөсүнүн “Тору” соода борборунун маңдайында, газдалган суу сатуучу жайда орун алган жарылуу кесепеттерин жеринен көрдү.
Облустагы өкүлчүлүктөн маалымдашкандай, Текебаев жергиликтүү бийлик жана бардык тийиштүү тармактардын жетекчилери менен чукул жыйын өткөрүп, абалды келип чыгуу себептерин тактоо тапшырмасын берди.
Өкүл мындан сырткары Жалал-Абад шаарындагы техникалык коопсуздук эрежелери сакталбаган, мыйзамсыз соода жайларын аныктоо, алдын алуу чараларын күчөтүүнү милдеттендирди.