Печать
Категория: Коом
Просмотров: 112

14-июлда жүргөн селден Ош облусунун Кара-Суу районунун жалпы 3 айыл аймагында тактап айтканда Мады, Датка, Баш-Булакта:

- 9 социалдык объект (4 мектеп, 1 бала бакча, 2 оорукана, 1 музей, 1 ФАП);
- 642 турак үйгө суу кирген.

Ош шаары боюнча:

- 1 соцобьект (1 бала бакча);
- 146 турак үй жабыркаган. 

Бул тууралуу ӨКМ билдирди. 

Жеринде тактоо жана сел кесепеттерин жоюу иштери уланууда.

14-июлда Ош шаары жана Кара-Суу аймагында катуу жааган жаандан улам Ак-Буура дарыясында суунун деңгээли көтөрүлүп, борбордук базарды, эс алуу жайларын каптаган. Анын кесепетинен Төлөйкөн айылындагы "Мөл-Булак" эс алуу борборунда бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү - 4 адамды жана дагы бир аялды сел агызып кеткен. Мындан тышкары, соода күркөлөрүн, унааларды агызган.

Учурда ӨКМ тарабынан издөө-куткаруу, селдин кесепеттерин тазалоо иштери күчөтүлгөн режимже уланууда.