Печать
Категория: Коом
Просмотров: 1306

Бүгүн, 15-июль күнү Ош шаарынын Катта-Терек участкасында Ак-Буура дарыясынан (Өзбекстандын чек арасына 500м жетпей жеринде) ӨКМдин куткаруучусу Алтынбек Исабеков тарабынан саат 11:30да аял кишинин сөөгү табылган.

Бул тууралуу ӨКМ билдирди. 

Такталган маалымат боюнча, табылган жаран буга чейин изделип жаткан 1980-жылы туулган Н.Д . аттуу аял киши (кыздардын апасы) экени аныкталды.

Аталган жарандын сөөгү куткаруучулар тарабынан дарыядан алып чыгарылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.