Печать
Категория: Коом
Просмотров: 146

Бүгүн, 15-июль күнү селдин кесепетинен дайынсыз болгон 4 жаранды издөөгө 350 адам тартылды. Белгилей кетсек, жалпы 5 адамды суу агызгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Кече, 14-июль күнү 2018-жылы туулган Н.С аттуу кыз Өзбекстан Республикасынын Андижан шаарынын Шахронсой сайынан саат 22:40да сөөгү табылган.

Бүгүн издөө-куткаруу иши 4 топко бөлүнүү менен башталды. Алсак Ош шаарынын Төлөйкөн айылындагы Мөл-Булак эс алуу жайында, Ак-Буура каналынын түштүк-чыгыш тарабы (студенттер шаарчасы) , Ак-Буура каналынын жээгиндеги Токтогул сейил багы, Ош шаарынын борбордук базар тарабында уланууда.

Издөө ишине жалпы 350 адам тартылды. Анын 170и ӨКМдин куткаруучулары. Арасында 2 кинолог, суучул-куткаруучулар. Ал эми жарандык коргонуу кызматтарынан 180 адам көмөктөшүүдө.

Кошумча маалымат берилет.