Печать
Категория: Коом
Просмотров: 142

Талас шаарында өндүрүш багытында 3 ири завод жана аттракциондор курула турганын шаардын мэриясынан билдиришти.

Асфальт заводу, темир-бетон заводу жана кум-шагыл чыгаруучу заводдор салынат. Ошондой эле оюн-зоок паркынын ичине 8 түрлүү аттракциондор курулат.

Бул боюнча президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Талас шаарын өнүктүрүүгө 1 млрд сомдон ашык каражат бөлүнгөн.

Кытайлык өндүрүшчүлөр менен Талас шаарынын мэри Эрмат Жумаев күн мурун меморандумга кол койгон.

Заводдордун курулушу менен 100дөн ашык жумуш орундар пайда болот.

Ошондой эле Талас шаарында 50 км тротуар салынып, вело жолдор курулат. Учурда борбордук аянтта жана башка көчөлөрдө асфальт төшөө иштери жүргүзүлөт.