Печать
Категория: Коом
Просмотров: 197

Буга чейин маалымат каражаттарында жана интернет тармактарында 76 жаштагы Каныбек Шаршембаев аксакалдын оор турмушу тууралуу видоематериал жарыяланган. Анда аксакал кароосуз экендиги, көчөдө кайыр сурап жан багаары айтылган. Жубайы каза болуп, жалгыз уулу таштап кеткен.

Каныбек Шаршембаевдин өздүгүн тастыктоочу документтери жок болгондуктан, карылар үйүнө да кире алган эмес, жада калса пенсия алууга да мүмкүнчүлүк жок болгон.

Мындан улам, аталган 76 жаштагы аксакалга КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жардам көрсөткөн. Тактап айтканда, аксакал Бишкек шаардык карылар жатак үйүнө киргизилип, жакын арада өздүгүн тастыктоочу документтерге да ээ болот. Каныбек аксакал социалдык тармак аркылуу кайрылуу жасап, Камчыбек Ташиевге көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылыгын билдирген.

“Урматтуу Камчыбек Ташиев, сизге чоң рахмат. Сиздин тапшырмаңыз менен балдарыңыз мени карылар үйүно алып келишти. Паспортум да жакын ара да колума тиет экен. Сизге чоң рахмат, ишиңизге ийгилик!”- деп билдирген аксакал.

Белгилей кетсек, видео кайрылууда Каныбек аксакалга керектүү кийим-кече, күнүмдүк турмушка керектелүүчү каражаттар да алынып берилгени айтылган.