"Урматтуу Ысык-Көл облусунун тургундары жана меймандары! Жайкы туристтик мезгил учурунда айрым айдоочуларыбыз автоунааларын башкарып, көл жээгине чейин кирип алып, көл жээкте эс алып жаткан эс алуучулардын тынчын алып, мыйзам бузууларга жол берилүүдө", - деп айтылат ЖКККББнын басма сөз кызматы тараткан маалыматта.
Анда белгиленгендей, мындай мыйзам бузган айдоочуларга Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери тарабынан табылып, аларга протоколдор түзүлүп, ар бирине 15 миң сомдон айып пулдар салынып, автоунаалары айып короолорго токтотулуп жатат.
Ысык-Көл облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү жалпы айдоочулар менен эс алуучулардан, жаратылышты урматтоо жана айлана-чөйрөнү келечек муундар үчүн сактап калуу максатында жогорудагыдай мыйзам бузууларга жол бербей, белгиленген эрежелерди так сактоо менен эс алуу жерлеринде ар кандай таштандыларды таштабай, тазалыкты сактоого чакырат.
Ысык-Көлдү бирге сактайлы, урматтуу мекендештер!