Бүгүн, 12-июлда КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы, генерал-лейтенант Камчыбек Ташиевдин катышуусунда Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 2024-жылдын 1-жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча коллегия болуп өттү.
Коллегиянын жүрүшүндө УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев соңку жылдары Кыргызстанда коопсуздукту камсыз кылуу, мыйзамдуулукту орнотуу жана уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшүү жаатында УКМК кызматкерлеринин ишмердүүлүгүндө чоң натыйжа бар экенин баса белгиледи. Өзгөчө Коопсуздук кызматкерлеринин ыкчам жана күжүрмөн иш-аракеттеринин натыйжасында бүгүнкү күндө өлкө казынасына кымырылган каражаттар кайтарылып, алсак, 2024-жылдын 1-жарым жылдыгынын өзүндө эле КР УКМК кызматкерлери тарабынан тарыхта биринчи жолу 70 млрд сомдон ашык каражат аныкталып, анын 50 млрд сому кыска мөөнөт ичинде мамлекеттин казынасына өткөрүлгөндүгү маалымдалды.
Мындан улам генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев өлкө тынчтыгын камсыз кылуу жана мыйзамдуулукту орнотуу багытында коюлган тапшырмаларды так аткаруу, кылмыштуулукка каршы күрөшүү, тартип орнотуу, баңгизаттарга, эктремизмге жана террорчулукка каршы күрөшүү чараларын күчөтүү зарылдыгын белгилеп, УКМК кызматкерлерине бир катар багыттар боюнча тийиштүү тапшырмаларды милдеттендирди.