Печать
Категория: Коом
Просмотров: 304

Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров КР Улуттук банкында жыйын өткөрдү. Анда өлкөдөгү макроэкономикалык кырдаалга жана акча-кредит саясатына байланышкан актуалдуу маселелер талкууланды.

Акылбек Жапаров Улуттук банктын жаңы жетекчилигинин алдына Кыргызстандын эл аралык рейтингдердеги позициясын жакшыртууга, жаңы технологияларды, анын ичинде финтех-стартаптарды киргизүүгө, санариптик сомду ишке киргизүүнү тездетүүгө, накталай эмес экономикага толук өтүүнү камсыздоо жана бекемдөө боюнча чаралар, көмүскө экономиканы кыскартууга багытталган бир катар милдеттерди койду.

Ошондой эле Улуттук банктын кызматкерлерин “комфорт зонасынан чыгууга” чакырды, мамлекеттик реформалар өлкөнүн бардык булуң-бурчтарына жетээрин белгиледи. Ал БУУнун Башкы катчысынын Кыргызстанды “уйкудагы сулуудан күлүк атка” айлангандыгы боюнча жакындагы билдирүүсүнө токтолуп, өлкөнүн өнүгүү темпи өнөктөштөрдү таң калтырып, аны басаңдатуу мүмкүн эместигин белгиледи.