Печать
Категория: Коом
Просмотров: 201

УКМК тарабынан Бишкек шаарынын аймагында мыйзамсыз диний ишмердүүлүккө каршы күрөшүүнүн алкагында эки диний балдар лагеринин  көмүскө ишмердүүлүгү аныкталып, аларга бөгөт коюлду.

Аталган мекемелер өз ишмердүүлүгүн КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын каттоосунан өтпөстөн жүргүзгөндүгү аныкталып, анда 6-17 жаштагы 110 бала (балдар жана кыздар) билим алган.

Жашыруун лагерлердин уюштуруучусу КР жараны А.А.А., 1992-жылы Тажикстан Республикасында туулган.
Комиссиялык текшерүүнүн жүрүшүндө аталган лагерде санитардык-эпидемиологиялык нормаларды, билим берүү программаларын ж.б. сактоо боюнча мыйзам бузуулар аныкталды.

Учурда аталган балдар диний лагеринин ишмердүүлүгү токтотулуп, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Маалымдама: "Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 4-пунктуна ылайык, балдарды диний уюмдарга тартууга жол берилбейт.

КР УКМК ата-энелерге балдарын ар кандай диний мекемелерге, анын ичинде балдардын диний лагерлерине берээрден мурун, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык диний объекттин иштешин камсыз кылууну эскертет. Ал эми тергөө аяктагандан кийин уюштуруучулардын аракеттерине юридикалык баа берилет.