Печать
Категория: Коом
Просмотров: 132

Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы жеңил унаа сатып алууга тендер жарыялады. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланды. 

Анда белгиленгендей, 7 унаа сатып алуу үчүн пландалып жаткан сумма 9 млн 625 миң сомду түзөт.

Сынактык билдирүү берүүнүн мөөнөтү 23-июлга чейин.