Печать
Категория: Коом
Просмотров: 262

 

Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагозов өлкө башчысынын карындашы "Лаззат Нуркожоеванын жигити кармалды" деген маалымат боюнча комментарий берди. 

"Президент Садыр Жапаровдун инисинин кызынын жигити укук коргоо органдары тарабынан кармалганын тастыктайбыз.

Эске салсак, Лаззат Нуркожоеванын жигити тууралуу маалымат учак менен “кыздын колун суроо” иш чарасынан кийин белгилүү болгон.

Бул жигиттин башкы максаты өзүнүн мыйзамсыз иш аракеттерин жашыруу үчүн жогорку бийликтегилерден калкалоочу адамдарды (“крыша”) табуу болгону ачыкталды деп божомолдоого толук негиз бар.

Баса белгилей кетсем, Президент Садыр Жапаров ким болбосун мыйзамсыз иш аракеттерди жаап-жашырып, калкалоого албайт.

Эми мурдагы жигиттин жана анын шериктеринин мыйзамсыз иш аракеттеринин чоо-жайы тергөө амалдарынын жүрүшүндө аныкталат", - деп жазды Алагозов.

Эске салсак, кыздын колун вертолетто учуруп сураганы менен белгилүү боло түшкөн Афтандил Сабырбеков Бишкек ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилгени тууралуу маалымат кечээ пайда болгон. Ал баңгизатты даярдоо жана жайылтууга шектелип жатканы айтылган.