Печать
Категория: Коом
Просмотров: 249

УКМК кызматкерине пара берүүгө аракет кылып жаткан учурда Кара-Суу районунун Ынтымак айыл аймагынын жер адиси К.А.А. кармалды. 

Тактап айтканда, ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кара-Суу районунун Ынтымак айыл аймагынын жер маселелери боюнча адиси, жер мыйзамдарын бузуу менен жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерин бөлүштүрүп жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. 

Аталган факты боюнча ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүүнүн натыйжасында, тергөөгө чейинки маселени оң жагына чечип берүү жана жардам көрсөтүү максатында К.А.А. аттуу жаран  КР УКМК кызматкерине 5 миң АКШ доллары, 691 миң сом жана 5 миң россиялык рубль өлчөмүндө пара сунуштаган.

Көрсөтүлгөн суммадагы акча каражатын берүү учурунда аталган К.А.А. Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренесинин 3-бөлүгү (өзгөчө ири өлчөмдө пара берүү) боюнча кармалды. 

Кармалган жаран КР УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө иштери уланууда.