Жалал-Абад шаарындагы аз камсыз болгон, ата-энесинен ажыраган, июнь окуясында жабыркагандардын, чернобыль кырсыгын жоюуга катышкандардын балдарынын бир бөлүгү жайкы эс алуу лагерине жиберилди. Бул тууралуу аталган шаардын мэриясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, балдар Жалал-Абад шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлеринин коштоосунда жеткирилди.
Балдар Сузак районун Кара-Алма айылында жайгашкан Жалал-Абад шаардык мэриясынын карамагындагы "Алтын балалык" лагеринде эс алат. Лагерди оңдоп-түзөөдөн өткөрүү, котедждерди куруу жана балдардын тамак-ашы үчүн Жалал-Абад шаардык мэриясынан жыл сайын акча каражаты бөлүнөт.
Аталган лагерде жыл сайын жергиликтүү бийлик тарабынан 200 бала эс алдырылат. Бүгүн алардын 90ну эс алууга жиберилди. Алдыда калган 110 бала да эс алууга жөнөтүлөт.