Печать
Категория: Коом
Просмотров: 1407

УКМКнын маалыматына караганда, бийликти күч менен басып алууну көздөгөн деструктивдүү топтун мүчөлөрү жашаган үйлөргө тинтүү иштери жүргүзүлгөн.

"Өлкөдө массалык башаламандыктарды уюштуруу жана коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштыруу аркылуу күч колдонуу менен бийликти басып алууну пландаган деструктивдүү топтун бир катар мүчөлөрүнүн жашаган жерин жана пайдаланган транспорт каражаттарын тинтүү учурунда:

- 50 даана мылтык; 
- 20 даана тапанча; 
- 255 миң 238 даана ок-дарылар; 
- 200 даана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин формасы, 30 даана баш кийимдер; 
- 38 даана ок өтпөс кийимдер; 
- 2 даана дрон, рация, колго жасалган жардыргыч заттар, экстремисттик адабияттар жана башка буюмдар табылып алынды.

Мындан тышкары тинтүү учурунда бир катар жарандардын өздүк документтери табылып, алардын ичинде КР ЖК депутаты Марлен Маматалиевге таандык аскердик билет да табылды", - деп билдирет УКМК. 

Учурда бул боюнча кошумча тергөө жана ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.