Печать
Категория: Коом
Просмотров: 774

Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары - суу ресурстары, айыл чарба жана өнөр-жай министри Бакыт Төрөбаев сүт өндүрүүчүлөрүнүн арасында пальма майын колдонгон ишкерлер аныкталып жатканын билдирди. Бул тууралуу ал сүттү кайра иштетүү ишканаларынын өкүлдөрү, фермерлер жана сүт өндүрүүчүлөр менен жолугушууда айтты. 

Айтымында, сүткө пальма майын кошкон он ишкердин аты-жөнү учурда УКМКга билдирилди. 

 "Бизде сүткө пальма майын кошуу фактылары бар. Азыр он адамдын аты-жөнү УКМКга берилди, бирок тизме дагы такталып жатат. Бул адамдар кургак сүт сатып алышып, ага пальма майын кошуп, андан соң даяр азыкты завод, фабрикаларга өткөрүп келишкен", - деди Төрөбаев.