Печать
Категория: Коом
Просмотров: 157

ӨКМнын маалыматына караганда, 2024-жылдын 2-июлунан 7-июлун чейин туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүп, республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Буга байланыштуу ӨКМ сел коопсуздук эрежелерин сактоо керектигин эскертет:

- арыктарды тазалап, жээгин бекемдеңиз жана таштанды таштабаңыз;

- турак үй жайгашкан жерде жаан суулары - агып өтүүгө ылайыкталган арыктын болушун камсыздаңыз;

- Үй же сарай салууда, эгин айдоодо сел жүрүү кооптуулугу бар тилкелерге жакын эместигине өзгөчө көңүл буруңуз;

- сел учурунда дароо коопсуз жайга кетиңиз;

- мүмкүнчүлүк болсо үйдөгү свет, суу, газды өчүрүп чыгыңыз.