Печать
Категория: Коом
Просмотров: 131

Бишкек шаарында Тез жардам кызматынын дарыгери сабалды. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти. 

Маалыматка караганда, 30-июнда Бишкек шаарында Тез жардам кызматына "баланын ичи ооруп жатат" деген чалуу түшкөн. Анын негизинде педиатриялык бригада айтылган дарекке барган.

Ал жерде дарыгерлер баланы карап, ооруканага жаткыруу зарылдыгы жок экенин айтышкан. Бирок баланын апасы ооруканага жеткирүүнү талап кылып, дарыгерге кол салган. Мындан улам дарыгердин баш мээси чайкалып, Улуттук госпиталга жаткырылган. Сабалган дарыгер кош бойлуу болгон жана боюнан түшүп калуу коркунучу жаралган.