Печать
Категория: Коом
Просмотров: 130

Кечээ, 2-июлда саат 16:17 чамасында Кыргызстандын аймагында жер титирөө катталган. Бул тууралуу ЦАИИЗдин Сейсмикалык эскертүү системасынын маалыматында айтылды. 

Маалыматка караганда, Кыргызстандын Чүй облусунун аймагында күчү 3,5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө өлкөнүн калктуу аймактарында сезилген эмес.

Учурда КР Сейсмология институту тактоо иштерин жүргүзүүдө.

Кошумча маалымат берилет.